КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 «Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук маселелерин илгерилетүүнү координациялоо жана натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы №601 «Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Энергетика жана өнөр жай министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын майнаптуулук саясатын пландоо программасынын иш-чаралар планында:
1) бүткүл тексти боюнча «ЭӨМ» деген аббревиатура «ӨЭЖМК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын; 2) I бөлүмүндө: - 1-пунктунун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын I кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктунда:
«Чаралар/Аракеттер» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «өндүрүштө, ЭЖБдан өндүрүлө турган энергияны кайра түзүүдө жана берүүдө колдонулуучу технологиялык жабдыктарды импорттоо үчүн преференциялар механизмин иштеп чыгуу»; «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; «Жооптуу аткаруучулар» графасындагы «ЭМ» деген аббревиатура алып салынсын;
- 4-пунктундагы «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2017-жылдын II кварталы»;
- 5-пунктунда:
«Чаралар/Аракеттер» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «ЭСКО ишине дем берүү механизмин иштеп чыгуу»;
«Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунда: «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «
7.Ишканалар-дын жана чарбакер субъекттердин көрсөткүчтөрү жана ЭҮ менен ЭМ индикаторлору боюнча отчеттун бирдиктүү формасын иштеп чыгуу жана киргизүү
ӨЭЖМК менен УСКнын ортосунда энергетикалык текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасы-нын чарбакер субъекттеринин ЭҮ жана ЭМ боюнча статистикалык отчеттун формаларын жана методикасын иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу
2017-жылдын II кварталы
ОЭР өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү жана номенклатура-сы жана аларды ишканалар менен уюмдарда пайдалануунун майнаптуулук көрсөткүчтөрү жөнүндөгү мамлекеттик статистикалык отчет жүргүзүүнү камсыздоо
ӨЭЖМК, УКС (макулда-шуу боюнча)
»;
3) II бөлүмүндө:
- 1-пунктунда: «Чаралар/Аракеттер» графасындагы «ЭӨМдүн алдындагы «Энергия» КИТБнын» деген аббревиатуралар жана сөздөр «ӨЭЖМКнын алдындагы КИИИЭЭ» деген аббревиатуралар жана сөз менен алмаштырылсын;
«Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын III кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын I кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын III кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунда:
«Чаралар/Аракеттер» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ЭҮ боюнча экономикалык дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана бюджеттик уюмдардын энергиялык майнаптуулугун жогорулатуу»;
«Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын IV кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын I кварталы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
«
4. 2018-2023 жылдарга Кыргыз Республикасын-да энергияны үнөмдөө жана энериялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасы-нын экинчи этабын иштеп чыгуу
2015-2017-жыл-дарга Кыргыз Республикасын-да энергияны үнөмдөө жана энериялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча КР Өкмөтүнүн программасын актуалдашты-руу жана мониторинг жүргүзүү
2017-жылдын IV кварталы
Энергия ресурстарын өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергия үнөмдөөнүн потенциалын жана экономиканын энергиялык майнаптуулу-гун жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнү азайтуу
Эл аралык долбоор-лордун көмөгү менен ӨЭЖМК
5. Энергияны үнөмдөөчү иш-чаралардын эсебинен бюджеттик уюмдарда электр энергияны керектөөнү азайтуу
Чыңалуу лампаларын энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу
2016-2017 жылдар
Электр энергияны керектөөнү азайтуу
ӨЭЖМК, министр-ликтер жана ведомст-волор, Улуттук энерго холдинг (макулда-шуу боюнча)
»;
4) III бөлүмүндө:
- 1-пунктунун «Жооптуу аткаруучулар» графасындагы «ЭӨМ САSЕР, БУУӨП, Экологиялык кыймыл «БИОМ» деген аббревиатуралар жана сөздөр «ӨЭЖМК эл аралык долбоорлорунун көмөгү менен, «БИОМ» экологиялык кыймылы» деген аббревиатуралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
5) кыскартуулардын тизмесиндеги бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «ӨЭЖМК – Кыргыз РеспубликасынынӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 "Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз…Постановление · 25.08.2015 · № 601 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон