КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 «Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 «Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 9-пунктунда:
экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы же» деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацындагы «жана статс-катчылары» деген сөздөр алып салынсын;
- расмий тилдеги текстинин 14 - пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «в два месяца» деген сөздөр «в квартал» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Жүйөлүү себептер болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга катышуусу, командировкалар, өргүүгө чыкканына жана ден соолугунун абалына байланыштуу эмгектик милдеттеринен бошоо эсептелет.»;
- 25-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Ченемдик укуктук актынын долбоорун жеткире иштеп чыгууга ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун киргизген мамлекеттик органдын өкүлдөрү тартылышы зарыл.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 07.05.2015 · № 276 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон