# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2017
- Редакциянын күнү: 07.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-870>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/870>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-870.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71 токтому (07.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-870

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоону жакшыртуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

“Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери” 2-бөлүмүнүн таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

“

61

Көркөм искусство

3,20

”;

“Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери” 2-бөлүмүнүн таблицасынын 7-пункту “музыкалык” деген сөздөн кийин “, көркөм” деген сөз менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
