# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2019
- Редакциянын күнү: 19.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-87>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/87>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтому (19.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-87

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 “Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Объекттин социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алып, курулуш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 “Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышы жана 1-пункту “турак жай” деген сөздөрдөн кийин “жана мейманкана” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
