# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 87 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 87 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2017
- Редакциянын күнү: 13.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-866>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/866>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-866.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 87 токтому (13.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-866

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун ченемдерин тартипке келтирүү максатында, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктунун жетинчи абзацы “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “(, ошондой эле жазаларды аткаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын түн ичинде кызмат өтөөчү аскер кызматчылары)” деген сөздөр менен толукталсын;

- аталган токтомдун 8-тиркемесинин аталышы “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түн ичинде кызмат өтөөчү аскер кызматчылары” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменти ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
