КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 381 “Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 381 “Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарган учурда кошумча отчеттор тапшырылат (N ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 отчетторунун формалары).”;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарган учурда квартал сайын отчеттун төмөнкүдөй түрлөрү тапшырылат: (N ДУ-1, ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 формалары)”;
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:
“н) пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн, камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө маалыматтар, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттары жөнүндө маалыматтар жана N ДУ-2 формасы боюнча таза активдердин наркы;
о) N ДУ-3 формасы боюнча пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
п) N ДУ-4 формасы боюнча отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча жалпы инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө маалыматтар;
р) N ДУ-5 формасы боюнча отчеттук мезгилде пенсиялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча инвестициялык портфелдин түзүмү жөнүндө маалыматтар”;
- 10-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык N ДУ-2, ДУ-3, ДУ-4, ДУ-5 отчетторунун формалары менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөЗакон · 04.07.2011 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №381 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчет берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 11.07.2011 · № 381 · Күчүн жоготкон