КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Эл жана турай жай фондун каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 8¹-пункту менен толукталсын:
“8¹. 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун уюштуруу-методологиялык иштерин камсыз кылуучу жумушчуларга төмөнкүлөр белгиленсин:
эмгек акыларынын өлчөмү 5-тиркемеге ылайык;
иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмү 6-тиркемеге ылайык;
1 жана андан көп жыл эмгектенген жумушчулардын өргүүсүнө эки айлык эмгек акы өлчөмүндөгү жөлөкпул.”;
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын.
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 6-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү жылдар үчүн каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2017 · № 690 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндөЗакон · 19.04.2008 · № 59 · Күчүн жоготкон