# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2017
- Редакциянын күнү: 15.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-841>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/841>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-841.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому (15.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-841

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 «Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууга карата пилоттук долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 «Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктундагы «2016-жылдын 1-августуна» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын 1-августуна» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
