# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2017
- Редакциянын күнү: 16.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-837>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/837>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 токтому (16.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-837

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун жогорулатуу максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш сегизинчи абзац менен толукталсын:

“Иран Ислам Республикасы\*”;

- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

“(\*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын “ишкердик” жана “туристтик” категорияларына гана карата.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
