КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча Иш-чаралар планы жөнүндө
Бажы бирлигинин/Евразиялык экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун түздөн-түз таасирин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча Иш-чаралар планы (мындан ары - План) 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин долбоору боюнча иштерди жүргүзүүгө тартылган министрликтердин жана административтик ведомстволордун Иш-аракеттер планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 139 “Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин “Таңгакталган ичүүчү суулардын, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 356 “Шарап жасалуучу продукциянын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин “Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 357 “Этил спиртинин, арактын жана ликер-арак ичимдиктеринин коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин “Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 388 “Пивонун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин “Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат”.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 268 “Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин “Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат”.
7. Күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы №15 “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 - жылдын 22 июнундагы № 393 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20 - январындагы № 15 “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 – жылдын 15 ноябрынын № 589 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7 пункту.
8. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15нен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жалпылоо үчүн Пландын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 30нан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берсин;
- Евразия экономикалык бирлигинин/ Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун колдонуу жана бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча маалыматтык – түшүндүрмө иштерин жүргүзүү жаатындагы иштерди координациялоону камсыз кылсын.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийешелүү
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 268 «Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 22.05.2014 · № 268
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2016 · № 589
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 20.01.2015 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 июля 2011 года №356 "Шарап жасалчу продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент тууралууПостановление · 05.07.2011 · № 356 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №139 "Бөтөлкөгө куюлган табигый минералдык, табигый ичүүчү жана ашкана сууларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуПостановление · 06.04.2011 · № 139 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №357 "Этил спиртинин, арактын жана ликер-арак ичимдиктеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти тууралуу" токтомуПостановление · 05.07.2011 · № 357 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №388 "Пивонун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуПостановление · 14.07.2011 · № 388 · Күчүн жоготкон