# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2019
- Редакциянын күнү: 19.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-83>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/83>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 120 токтому (19.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-83

---

Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө

“Медициналык буюмдарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги №173 “Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентте:

- 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“in vitro – тирүү организмден тышкары контролдонуучу чөйрөдө жүргүзүлгөн медициналык тесттер;”.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
