Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартибин бекитүү жөнүндө
“Медициналык буюмдарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги №173 “Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентте:
- 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“in vitro – тирүү организмден тышкары контролдонуучу чөйрөдө жүргүзүлгөн медициналык тесттер;”.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 "Жасалма шарттарда (i№ vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын…Постановление · 05.04.2013 · № 173
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 166 · Күчүн жоготкон