Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө”;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүп аталсын.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынан экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча функциялар финансы жана материалдык-техникалык каражаттары, борбордук аппараттан 4 бирдик жана аймактык кызматтардан 7 бирдик штаты менен өткөрүп берилсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.10.2016 · № 549 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2016 · № 642 · Күчүн жоготкон