# Буйрук 2017-жылдын 15 майы, №155-б

- Толук аталышы: Буйрук 2017-жылдын 15 майы, №155-б
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2017
- Редакциянын күнү: 15.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-806>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/806>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-806.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Буйрук 2017-жылдын 15 майы, №155-б (15.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-806

---

Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу жана гидроэнергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендер жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү боюнча ведомстволор аралык тендердик комиссиялар 1 - 14-тиркемелерге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү шарттары 15 - 28-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. Ушул буйруктун 18 - 20 жана 22-тиркемелеринде аталган чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерге катышууга арыз берүүдө тендердин катышуучулары 29-тиркемеге ылайык форма боюнча милдеттенмесин тиркей тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде эл аралык) жарыяласын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
