Буйрук 2017-жылдын 15 майы, №155-б
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу жана гидроэнергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендер жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү боюнча ведомстволор аралык тендердик комиссиялар 1 - 14-тиркемелерге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү шарттары 15 - 28-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Ушул буйруктун 18 - 20 жана 22-тиркемелеринде аталган чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерге катышууга арыз берүүдө тендердин катышуучулары 29-тиркемеге ылайык форма боюнча милдеттенмесин тиркей тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде эл аралык) жарыяласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 5 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы № 656 "Чехиялык "Liglass Trading CZ SRO" компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды куруу чөйрөсүндө түзүлгөн макулдашууларды бузуу…Постановление · 10.10.2017 · № 656
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июлу № 428 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 155-б буйругуна ылайык өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз…Постановление · 07.07.2017 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10- октябрындагы № 656 токтомуПостановление · 10.10.2017 · № 656
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июлундагы № 428 токтомуПостановление · 07.07.2017 · № 428
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.03.2017 · № 175 · Күчүн жоготкон