КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13- майындагы № 270 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кредит берүүнүн талаптарын жеңилдетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
3-февралындагы № 58 “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
1-главада:. - онунчу абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 4-главанын он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 150 (жүз элүү) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 "Айыл чарбасын каржылоо - 5" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон