# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 294
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2017
- Редакциянын күнү: 25.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-802>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/802>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 токтому (25.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-802

---

Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө

Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формалары 1-тиркемеге ылайык;

- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формалары, 2-тиркемеге ылайык;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары (сүрөттөмөлөрү жана үлгүлөрү), 3-тиркемеге ылайык;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формалары, 4-тиркемеге ылайык;

- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарын толтуруу тартиби, 5-тиркемеге ылайык;

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын толтуруу тартиби, 6-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын жаңы формаларын легалдаштыруу жол-жоболорун жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 “Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
