# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2019
- Редакциянын күнү: 25.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-80>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/80>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтому (25.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-80

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 “Кыргыз Республикасында кум түрүндѳгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Баалуу металлдар рыногун жѳнгѳ салуу системасын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 “Кыргыз Республикасында кум түрүндѳгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна тѳмѳнкүдѳй өзгөртүүлѳр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кум түрүндѳгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:

- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы “кум түрүндөгү алтынды жана” деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

“51. АКК тийиштүү ишканаларда кум түрүндөгү алтынды аффинаждоого жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатууга укуктуу.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
