КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 “Кыргыз Республикасында кум түрүндѳгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баалуу металлдар рыногун жѳнгѳ салуу системасын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 “Кыргыз Республикасында кум түрүндѳгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна тѳмѳнкүдѳй өзгөртүүлѳр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кум түрүндѳгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы “кум түрүндөгү алтынды жана” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
“51. АКК тийиштүү ишканаларда кум түрүндөгү алтынды аффинаждоого жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатууга укуктуу.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 "Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды…Постановление · 29.12.2015 · № 894 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон