КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында Колдонууга тыюу салынган же катуу чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмесин актуалдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Колдонууга тыюу салынган же катуу чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 «Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө» Чечиминин 1.4-бөлүмүнө эскертменин 2-пунктунда каралгандан башка учурларда ушул токтом менен бекитилген Тизмеге ылайык химиялык заттарды жана пестициддерди Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салынсын.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
тиркеме
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы N 376 "Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден ден соолугун…Постановление · 27.07.2001 · № 376
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон