# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 328
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2017
- Редакциянын күнү: 06.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-792>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/792>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 токтому (06.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-792

---

Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
