КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу жана чакан гидроэнергетикада келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жободо:
- 6-пункттагы 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) аймагында чакан гидроэлектрстанция жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, мамлекеттик администрациясынын башчысы – райондун акими же шаардын мэри;”;
- 14-пунктунун төртүнчү абзацында “эл аралык жана” деген сөздөрдөн кийин “/же” деген сөз менен толукталсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тендерди жокко чыгарууга укуктуу. Мында Комиссия таратылууга тийиш.
Эгерде жарыялангандан кийин тендер өткөрүлбөй калса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Комиссияны таратып жиберүүгө жана Комиссиянын жаңы курамын түзүү менен тендер жарыялоого укуктуу.”;
- 27-пунктунун тогузунчу жана он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пункттагы:
таблицанын 8 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
таблицанын 9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
9
Уставдык капиталда Кыргыз Республикасынын катышуу үлүшү бар юридикалык жак
Ар бир 10%га 1 балл
10
Гидроэлектрстанцияларды куруудагы иш тажрыйбасы, ишке киргизилген кубаттуулуктардын саны, чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун саны
3 балл
”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
24-мартындагы № 175 “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ушул токтомдун 1-пункту менен киргизилген өзгөртүүлөр ушул токтом күчүнө киргенге чейин өткөрүлүп баштаган жана жеңүүчүлөрү аныктала элек тендерлерге жайылтылары белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларын куруу укугуна тендер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.03.2017 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон