# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 394
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2017
- Редакциянын күнү: 21.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-781>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/781>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-781.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому (21.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-781

---

2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын жактыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындар ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитети Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.

3. Программаны ишке ашыруу тийиштүү жылга республикалык бюджетте министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана административдик ведомстволорду каржылоого каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
