Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындар ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитети Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.
3. Программаны ишке ашыруу тийиштүү жылга республикалык бюджетте министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана административдик ведомстволорду каржылоого каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш. Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ №120 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.06.2012 · № 120 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон