# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 431 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 431 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2017
- Редакциянын күнү: 14.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-763>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/763>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-763.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 431 токтому (14.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-763

---

Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору жөнүндө

Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекстин статусун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекс Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы

№ 236 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасында:

“Ведомстволук мекемелер” позициясындагы “Курманжан Датка атындагы Мемориалдык-тарыхый комплекс” деген сөздөр “Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 682 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V “Курманжан Датка атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча” токтомун ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы “, аталышынын жана долбоорунун” деген сөздөр алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- бир айлык мөөнөттө Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунун иштеши жана аны күтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;

- Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборун Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
