Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
«Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жана көлөмүн аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) эсептеле тургандыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте:
- Улуттук тестирлөө борборунун «Кыргызтест» башкармалыгын материалдык-техникалык жабдуулар жана тиешелүү уюштуруу техникасы менен камсыз кылсын;
- ишке тиешелүү эксперттерди жана адистерди тартсын;
- тестирлөө өткөрүү жерин аныктасын;
- Тестирлөө өткөрүү планын бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргызтест» системасынын ишин өз убагында каржылоону камсыздасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ №365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну…Указ · 21.12.2010 · № 365 · Күчүн жоготкон