# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 438 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 438 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 438
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2017
- Редакциянын күнү: 21.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-758>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/758>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 438 токтому (21.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-758

---

Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси

№

Транспорт каражаттарынын түрлөрү

Арналышы

1.

Автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч

Курулуш жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу үчүн

2.

Жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор

Коммуналдык керектөөлөр үчүн

3.

Өрт өчүргүч

Өрт өчүрүү үчүн

4.

Авариялык-куткаруучу

Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн

5.

Тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар

Айыл чарба өндүрүшүн камсыздоо үчүн

Тиркемелер

Басып чыгаруу
