# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 77-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 77-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2019
- Редакциянын күнү: 30.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-75>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/75>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 77-б буйругу (30.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-75

---

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2019-жылдын 30-марты Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2019-жылдын 30-мартын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
