Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 “Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Климаттык финансы ресурстарын тартуу жана ушул багыттагы иштерди натыйжалуу координациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 “Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- климаттык финансы ресурстарын тартууга жана ушул жааттагы иштерди натыйжалуу координациялоого көмөктөшүү;”;
- 9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Координациялык комиссиянын төрагасы, парник газдарынын чыгарылышын азайтуунун улуттук алгылыктуу пландарынын долбоорлорун аткаруу, ошондой эле адаптациялык чаралар, Таза өнүгүү механизминин долбоорлору боюнча улуттук координатор болуп саналат жана бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда талап кылынуучу расмий документтерге кол коюуга укуктуу.
10. Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары (айлана-чөйрөнү коргоо маселесин тейлеген) эсептелет, ал климаттык каржылоо боюнча улуттук байланышуучу адам болуп саналат жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу расмий документтерге кол коюуга укуктуу.”;
жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын курамында:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары (айлана-чөйрөнү коргоо маселесин тейлеген), Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.”;
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;”;
- сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;”;
- он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;”;
- он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия…Постановление · 11.08.2017 · № 477
- Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 токтому менен бекитилген)Положение · 21.11.2012 · № 783 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2012 · № 783 · Күчүн жоготкон
- "КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы N 46 "Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2020 · № 46 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2012 · № 783 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон