# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 511 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 511 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2017
- Редакциянын күнү: 21.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-741>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/741>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 511 токтому (21.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-741

---

Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 20-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер – министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
