# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2019
- Редакциянын күнү: 01.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-74>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/74>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому (01.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-74

---

Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121 жана 15-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук соода аянтчасынын техникалык операторун аныктасын.

3. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин электрондук форматта түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
