# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 546
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2017
- Редакциянын күнү: 11.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-730>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/730>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтому (11.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-730

---

Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2017-жылдын 31-июлундагы № 1 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” чечимин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Планды белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

- ай сайын 15ине чейин Пландын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турушсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышына жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.К.Жумакадыровго жүктөлсүн.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
