# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 627 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 627 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2017
- Редакциянын күнү: 11.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-723>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/723>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-723.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 627 токтому (11.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-723

---

Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө

Эркин экономикалык зоналардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Товарларды эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболоруна жайгаштыруу товарларды чыгаруу менен байланышкан иш-аракеттерди аткаруу үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
