# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 672
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2017
- Редакциянын күнү: 18.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-719>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/719>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-719.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 672 токтому (18.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-719

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы №719 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
