# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 665
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2017
- Редакциянын күнү: 19.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-718>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/718>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 665 токтому (19.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-718

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 «Айыл чарбасын каржылоо − 5» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Айыл чарба тармагында кредит берүү шарттарын жакшыртуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү секторун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 «Айыл чарбасын каржылоо − 5» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 3-главанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.»;

- 4-главанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Бул тармак үчүн бөлүнүүчү каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
