# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 680 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 680 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 680
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2017
- Редакциянын күнү: 19.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-717>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/717>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-октябрындагы № 680 токтому (19.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-717

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тѳртүнчү абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын.».

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
