КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апостилдештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 «Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Апостиль коюунун мөөнөтү жана ага төлөнүүчү жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2 иш күндүн ичинде - 940 сом;
апостилди шашылыш түрдө коюу:
- 1 иш күндүн ичинде - 1880 сом;
- 3 сааттын ичинде - 2820 сом».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 «Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Документтерди апостилдештирүү мөөнөтү документтер берилген күндөн тартып 2 иш күндөн ашпоого тийиш.»
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Кабинета Министров РК от 11 марта 1991 года №74 "О внесении изменений и признании утратившими силу постановлений Правительства Республики Кыргызстан в связи с…Постановление · 11.03.1991 · № 74 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №283 "Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" токтомуПостановление · 18.11.2010 · № 283
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2011 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон