# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 723
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2017
- Редакциянын күнү: 08.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-706>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/706>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 токтому (08.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-706

---

Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамынын долбоорун бюджеттик пландоону жана түзүүнү регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 91-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
