# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 705
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2017
- Редакциянын күнү: 15.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-702>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/702>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-702.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому (15.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-702

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн качкындар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-ноябрындагы № 740 “Качкындардын ырастамасынын, качкындын статусу жөнүндөгү өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

Кыргыз Республикасындагы качкындын ырастамасынын бланкасынын үлгүсү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

Өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланкасынын үлгүсү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

Качкындын ырастамасынын, Кыргыз Республикасында качкындын статусу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын баяндамасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык баяндалсын;

- 3-пунктундагы “Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 “Кыргыз Республикасындагы качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 3-тиркемеси ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 4-тиркемеси ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы алты айлык мөөнөттө ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
