Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн качкындар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-ноябрындагы № 740 “Качкындардын ырастамасынын, качкындын статусу жөнүндөгү өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
Кыргыз Республикасындагы качкындын ырастамасынын бланкасынын үлгүсү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
Өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланкасынын үлгүсү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
Качкындын ырастамасынын, Кыргыз Республикасында качкындын статусу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын баяндамасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- 3-пунктундагы “Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 “Кыргыз Республикасындагы качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 3-тиркемеси ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 4-тиркемеси ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы алты айлык мөөнөттө ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тиркеме Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 6 ноября 2002 года №740 "Об утверждении образцов бланков удостоверения беженца, свидетельства о регистрации ходатайства о статусе беженца"Постановление · 06.11.2002 · № 740
- Постановление Правительства КР от 4 апреля 2003 года №188 "Об утверждении Положения о работе с беженцами в Кыргызской Республике"Постановление · 04.04.2003 · № 188
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44