# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 717 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 717 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 717
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2017
- Редакциянын күнү: 15.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-701>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/701>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 717 токтому (15.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-701

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 “Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 “Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак-оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндө нускамада:

44-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“- анын үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгынын фактысы боюнча ага карата сот актысы бар.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
