# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 744
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2017
- Редакциянын күнү: 16.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-697>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/697>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 744 токтому (16.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-697

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 “Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 “Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. 2017-2019-жылдарга төмөнкүлөргө мораторий белгиленсин:”;

экинчи абзацы “министрликтердин,” деген сөздөн кийин “мамлекеттик комитеттердин,” деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пунктундагы “жайылтылбайт” деген сөз “жайылтылат, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечимдеринде каралгандан башка учурларда” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
