# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 763
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2017
- Редакциянын күнү: 25.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-686>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/686>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтому (25.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-686

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы №668 «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Тамекини керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

Мезгил

20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар

2018-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин

50 сом

2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин

60 сом

2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин

70 сом

2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин

80 сом

2022-жылдын 1-январынан

90 сом

-төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:

"2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте зарылчылык пайда болгондо чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин."

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

Премьер-министр C.Дж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
