КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 5 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 25 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 25-майындагы № 40 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 366-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда турган 20,1 га кайрак айдоо (№ 641, 642, 428, 506-контурлар) жеке менчик турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-майындагы № 25 "Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 2017-жылдын 6-мартындагы кезектеги 5-сессиясынын 20 сандуу токтомун жокко…Постановление · 22.05.2017 · № 25
- Чек-Абад айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 5 "Айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу тургундардын турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2014 · № 5
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон