# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 787 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 787 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 787
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2017
- Редакциянын күнү: 07.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-673>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/673>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 787 токтому (07.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-673

---

Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкандыгы үчүн котормочуга жана сурдокотормочуга төлөнүүчү материалдык сыйакынын өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
