КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
“И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесинин базасында “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайы түзүлсүн.
2. “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайы “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесинин укуктук улантуучусу болуп эсептелери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин:
“И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун;
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга республикалык бюджетте “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесине каралган каражаттардын чегинде “И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту” жогорку авиациялык окуу жайын каржылоону камсыздасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө ЖОБО " (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтому менен бекитилген)Постановление · 09.08.2016 · № 436
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" ПРОГРАММАСЫПрограмма · 25.08.2017 · № 1836-VI · Күчүн жоготкон