# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 795 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 795 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 795
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2017
- Редакциянын күнү: 08.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-671>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/671>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 795 токтому (08.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-671

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жободо:

- 8-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8. ЖАКты Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
