# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 796 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 796 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 796
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2017
- Редакциянын күнү: 11.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-670>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/670>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 796 токтому (11.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-670

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмдөрүн белгилөө жана эмгек акы боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда

121 жана 241-тиркемелери менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджетте министрлик үчүн каралган каражаттын чегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү белгиленген тартипте каржыласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын

1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
