# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 814
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2017
- Редакциянын күнү: 21.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-657>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/657>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-657.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому (21.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-657

---

Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө

“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 17, 32, 38, 41, 44, 51, 52-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1, Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык;

- Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартиби, 3-тиркемеге ылайык;

- Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейинки мөөнөттө “Таза Коом” санариптик транформациялоо программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын модулдук программаларын киргизүүнү жана иштетүүнү камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс өткөрүүнү, мониторингдөөнү жана баалоону, социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 41 “Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
