# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 826
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2017
- Редакциянын күнү: 26.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-651>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/651>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтому (26.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-651

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 “Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласындагы “71” жана “145” деген цифралар тиешелүү түрдө “91” жана “160” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 “Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласындагы “73” деген цифралар тиешелүү түрдө “101” деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
